Инженердик билим берүү боюнча европалык аккредитациялык агенттиктер тармагы (ENAEE) комиссиясынын EUR-ACE лейблин ыйгаруу максатындагы катышуусу менен 2025-жылдын май айында (13–18-майда) Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААЕРО) эки жогорку окуу жайда пилоттук аккредитацияларды өткөрдү: И. Раззаков атындагы КМТУда “Бизнес-информатика” (бакалавриат) билим берүү программасы боюнча; Манас КТУда “Тамак-аш өнөр жайы” (бакалавриат) билим берүү программасы боюнча. Бул комиссиянын максаты — ААЕРО жүргүзгөн аккредитациянын ENAEEнин эл аралык стандарттарына шайкештигин аныктоо. ENAEE оң чечим чыгарган учурда, биздин агенттик тарабынан аккредитацияланган инженердик билим берүү программалары дүйнө жүзү боюнча таанылган EUR-ACE® лейблине ээ болушат.